Бишкекте автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, бир жүргүнчү жаракат алды

Бишкекте автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, бир жүргүнчү жаракат алды

2026-жылдын 21-сентябрында саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев (Карпинка) көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, Жибек Жолу көчөсү менен чыгыш багытында бара жаткан, №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жол-транспорт кырсыгы Ички иштер органдарынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгында каттоого алынды. Учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)