Быйыл китептерге 760 млн сом бөлүндү

Быйыл китептерге 760 млн сом бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мектептерди окуу китептери, жумушчу дептерлер жана методикалык колдонмолор менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жыйында 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында китептерди басып чыгаруу жана жеткирүү маселеси каралды. Ар бир окуу жылы үчүн класстарга этап-этабы менен китеп чыгаруу планы иштелип чыккан.

Маалыматка караганда, 2025-жылы китеп басууга 855 млн сом жумшалып, 4 млн 735 миң даана окуу комплекси мектептерге жеткирилген. 2026-жылы бюджеттен 744 млн сом, кошумча Агартуу министрлигинен 16,2 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка 3 млн 668 миң даана китеп чыгаруу пландалып, анын 2 млн 455 миң даанасы жеткирилди, 1 миллиондон ашууну жеткирүү баскычында.

Касымалиев окуучуларды китеп менен камсыздоо артыкчылыктуу экенин белгилеп, китептердин базарларда эркин сатылып жатканы боюнча укук коргоо органдары текшерүү жүргүзүп жатканын, жыйынтыгында катаал чара көрүлөрүн айтты. Президенттин чечими менен керектүү каражат бөлүнөрүн кошумчалады.

Жыйынтыкта Агартуу министрлигине китептерди даярдоону тездетүү, көзөмөлдү күчөтүү жана ай сайын мониторинг жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Садыр Жапаров АКШда экономикалык өсүш үчүн сыйланды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто америкалык ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрацисынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда StoneX Group компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит жана Нью-Йорктун ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасындагы оң динамиканы, реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерин белгилешти. Алар Кыргызстанга жана

Ишкер Media
Өлкөдө 2 жылда 281 завод ишке кирди: 20 миң жумуш орун түзүлдү

Өлкөдө 2 жылда 281 завод ишке кирди: 20 миң жумуш орун түзүлдү

2024–2026-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" улуттук долбоорунун алкагында өлкө боюнча 281 ишкана ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоордун алкагында 2 млрд доллардан ашуун инвестиция тартылып, 20 миң 800 жаңы жумушчу орун түзүлгөн. 2026-жылдын аягына чейин дагы 47 жаңы өнөр жай ишканасын ишке

Ишкер Media
Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга КРнын

Ишкер Media
Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу талкууланды. Айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын

Ишкер Media