Чет өлкөдө жүргөн 10 жаранга мыйзамсыз диплом жана аттестат берилген

Чет өлкөдө жүргөн 10 жаранга мыйзамсыз диплом жана аттестат берилген

Базар-Коргон районундагы №52 кесиптик лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2024–2025-жылдары чет мамлекеттерде жүргөн 10 окуучуну окуу процессине катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтерди жасалмалап, аларга окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдорду мыйзамсыз берип келгендиги аныкталды.

Мындай мыйзам бузуу билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, аталган райондун прокуратурасы тарабынан ачыкталгандыгын, Башкы прокуратурадан билдиришти.  

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)