Өлкөдө 2 жылда 281 завод ишке кирди: 20 миң жумуш орун түзүлдү

Өлкөдө 2 жылда 281 завод ишке кирди: 20 миң жумуш орун түзүлдү

2024–2026-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" улуттук долбоорунун алкагында өлкө боюнча 281 ишкана ишке киргизилди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, долбоордун алкагында 2 млрд доллардан ашуун инвестиция тартылып, 20 миң 800 жаңы жумушчу орун түзүлгөн.

2026-жылдын аягына чейин дагы 47 жаңы өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда.

Негизги багыттар - айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын, курулуш материалдарын жана фармацевтика продукциясын өндүрүү, ошондой эле энергетика жана логистика тармактарын өнүктүрүү.

Долбоордун максаты - ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, чийки затты кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү, импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияларды чыгаруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)