Абаны булгаган "А Банктын" унаасына 23 миң сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы интернетте тараган абаны булгаган унаа тууралуу маалыматты текшерди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа "А Банк" мекемесине таандык экени аныкталды.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык мекемеге 23 000 сом айып пул салынды.
Ошондой эле унаадагы кемчиликтерди тез арада оңдоо жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилди.