Адылбек Касымалиев Ханчжоуда Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Адылбек Касымалиев Ханчжоуда Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы санариптик соода дүйнөлүк сооданын жөн гана дагы бир багыты эмес, ал дүйнөлүк экономиканын жаңы инфраструктурасына айланып бара жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстан Кытайдын жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча Дүйнөлүк уюмду түзүү демилгесин кубаттай турганын билдирди.

"Биз үчүн өзгөчө маанилүүсү, Кыргызстан бул жаңы эл аралык түзүмдүн алгачкы мамлекет-негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү беришин каалайбыз. Кыргызстан бул ишке жигердүү катышууга даяр", - деди ал.

Адылбек Касымалиев санариптик соода жаатында кызматташуунун бир катар багыттарын белгиледи. Алардын катарында электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун санариптик коштоп жүрүү бөлүгүндө санариптик логистика, санариптик төлөмдөр, чакан жана орто бизнес үчүн ЖИ-чечимдерин киргизүү, ошондой эле дата-борборлорду, технологияларды трансфертөө борборлорун биргелешип өнүктүрүү жана адистерди даярдоо бар.

"Биздин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок санариптик дүйнөдө аралык тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргызстан инвестицияларга жана технологиялык өнөктөштүккө ачык. Жасалма интеллект жана санариптик соода дүйнөнү абдан тез өзгөртүүдө. Биздин милдет - аларды элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу", - деди сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media