Адылбек Касымалиев Ханчжоуда Малайзиянын Премьер-министри менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Ханчжоуда Малайзиянын Премьер-министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КЭРдин Ханчжоу шаарына жумушчу сапарынын алкагында Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалганда, жолугушуу бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн аянтчасында өттү.

Тараптар 2024-жылы Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга жана 2025-жылы президент Садыр Жапаровдун Малайзияга расмий сапарларын белгилеп, жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушууда кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү арттыруу келечеги талкууланды.

Касымалиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик алты эсеге өскөнүн белгилеп, сооданы диверсификациялоо жана кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип кароону сунуштады. Ошондой эле Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандырууну сунуштады.

Өз кезегинде Анвар Ибрагим өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Түп районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүүдө мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2008-жылы Ысык-Көл айыл аймагындагы Түп мамлекеттик атайын чарбасына таандык эс алуу лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен. Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 163 млн

Ишкер Media
Транспорт министрлиги «Cyber Nomad CTF» сынагында 3-орунду ээледи

Транспорт министрлиги «Cyber Nomad CTF» сынагында 3-орунду ээледи

22-сентябрда Бишкектеги "Жаштык Арена" спорт комплексинде киберкоопсуздук боюнча "CYBER NOMAD FEST 2026" форуму өттү. Анын алкагында "Cyber Nomad CTF" республикалык сынагы уюштурулду. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сынак эки этаптан турду. 14-сентябрда өткөн тандоо этабында катышуучулар SIEM системасындагы маалыматтык коопсуздук

Ишкер Media
Абаны булгаган "А Банктын" унаасына 23 миң сом айып салынды

Абаны булгаган "А Банктын" унаасына 23 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы интернетте тараган абаны булгаган унаа тууралуу маалыматты текшерди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа "А Банк" мекемесине таандык экени аныкталды. Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча "Укук бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык

Ишкер Media
ӨКМ орун басары Венадагы эл аралык иш-чарага катышууда

ӨКМ орун басары Венадагы эл аралык иш-чарага катышууда

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Вена шаарында өтүп жаткан эл аралык иш-чарага катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Жаратылыш аркылуу туруктуулук: дени сак ландшафттар үчүн жаратылышка негизделген чечимдер" аталышындагы иш-чара 20–25-сентябрда өтүп жатат. Аны Дүйнөлүк банктын Венадагы Өнүктүрүү

Ишкер Media