Адылбек Касымалиев Кытайда Geely компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Кытайда Geely компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин башчысы Geely Auto Group компаниясынын башкы кеңсесине барып, жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Делегацияга корпорациянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, миссиясы жана потенциалы тааныштырылды.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыктап, Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу жана тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдиришти. Жыйынтыгында биргелешкен жумушчу топ түзүү макулдашылды.

Белгилей кетсек, Geely портфелине Geely, Lynk & Co, Zeekr, Volvo, Polestar, Proton жана Lotus бренддери, беш илимий-изилдөө борбору жана дүйнө жүзү боюнча ондон ашык өндүрүштүк база кирет. Сатуу тармагы 100дөн ашык өлкөнү камтыйт.

Ошондой эле сапардын алкагында социалдык объектилерди куруу, коммуникация, логистика жана банк-каржы секторунда кызматташтык перспективалары талкууланды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 400 тонналык логистикалык борбор жана май чыгаруучу ишканалардын иши текшерилди

Жалал-Абадда 400 тонналык логистикалык борбор жана май чыгаруучу ишканалардын иши текшерилди

Айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Манас шаарындагы ишканалардын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, Базар-Коргондогу "Арзыбай-Ата Компани" соода-логистикалык борбору жылына 400 тоннага чейин мөмө-жемиш жана жашылча сактай алат.

Ишкер Media
Кореядан мыйзамсыз ташылган 2 унаа үчүн бюджетке 1,8 млн сом өндүрүлдү

Кореядан мыйзамсыз ташылган 2 унаа үчүн бюджетке 1,8 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк" темир жол бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмү ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Корея Республикасынан 2025-жылы чыгарылган TOYOTA CAMRY жана 2024-жылы чыгарылган BOMBARDIER SKI SNOW транспорт каражаттары транзиттик декларациясыз жана коштоочу документтерсиз алып кирилген. Бюджетке келтирилген зыян

Ишкер Media
Ошто алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 өттү

Ошто алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 өттү

Бүгүн Ош шаарында алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 инвестициялык форуму өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, инвесторлордун жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Форумду мындан ары жыл сайын өткөрүү пландалууда. Форумга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаңы өндүрүштөрдү

Ишкер Media
Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Түп районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүүдө мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2008-жылы Ысык-Көл айыл аймагындагы Түп мамлекеттик атайын чарбасына таандык эс алуу лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен. Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 163 млн

Ишкер Media