Бишкек шаарынын мэри Фрунзе көчөсүндөгү курулуш маселеси боюнча тургундар менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Фрунзе көчөсүндөгү курулуш маселеси боюнча тургундар менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бүгүн Фрунзе көчөсү, 282а дарегиндеги мурдагы №116 бала бакчанын ордунда көп функционалдуу комплекс куруу маселеси боюнча тургундар менен жолугушту. Анда тургундар курулуштун коопсуздугуна, курулуш нормаларынын сакталышына, ошондой эле ага чектеш аймактарды, жашыл зоналарды, турак үйлөрдү жана балдар аянтчасын сактап калууга байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Тургундардын өтүнүчү боюнча мэр шаардык кызматтарга эс алуу зонасын жана воркаут аянтчасын уюштуруу маселесин карап чыгууну, ошондой эле бардык зарыл болгон курулуш талаптарынын сакталышын, айрыкча жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу менен текшерүүнү тапшырды.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда бул райондо 8 мамлекеттик жана 10 жеке бала бакча иштейт.150 орунга ылайыкталган мурдагы №116 бала бакча жеке менчикке өткөрүлүп берилип, 1995-жылдан бери иштебей келет.

Инвестициялык долбоордун алкагында курулуш компаниясы өз каражатынын эсебинен муниципалитет сунуштаган башка жер тилкесине кеминде 500 орундуу жаңы бала бакча курат. Курулуш аяктагандан кийин объект муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет.

Айбек Джунушалиев шаар өнүгө турганын, бирок ар бир курулуш иши мыйзам талаптарын так сактоо менен жүргүзүлүп, коопсуздук камсыздалышы жана тургундардын мыйзамдуу кызыкчылыктары эске алынышы керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр курулуш компаниясына белгиленген талаптарды сактоону, ал эми жооптуу шаардык кызматтарга алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media