Бишкекте 210 млн долларга "Хан-Тенгри" турак жай комплекси курулат
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Хан-Тенгри девелопмент" ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишим түзүлдү. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Келишимге ылайык, Бишкек шаарында "Хан-Тенгри" көп функционалдуу турак жай комплекси курулат. Долбоорго 210 млн АКШ доллары инвестиция тартылат.
Келишимге Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана компаниянын башкы директору Чжоу Цинхуа кол коюшту.
"Шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартуу биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Бул долбоор Бишкектин курулуш тармагын жана заманбап инфраструктурасын өнүктүрүүгө өз салымын кошот", - деди Сабиров.