Бишкекте айдоочуларга эмгек акы төлөөнүн жаңы эрежеси кирет

Бишкекте айдоочуларга эмгек акы төлөөнүн жаңы эрежеси кирет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында бригадирлер менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, анда айдоочулардын эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү маселеси каралды.

Жаңы системага ылайык, эмгек акынын өлчөмү белгиленген эмгек талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат.

Тактап айтканда, айдоочуга карата даттануу түшүп, анын негиздүүлүгү тастыкталса, эмгек акы 20%га чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда төлөм азайтылат.

Жолугушууда бригадирлерге жаңы системаны колдонуу тартиби жана эмгек акыга таасир этүүчү критерийлер түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, айдоочулардын кыймыл графигин сактоосу, эмгек тартиби жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты талкууланды.

Жаңы система айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана борбор калаада жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media