Бишкекте "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Бишкекте "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн Бишкекте Экономика жана коммерция министрлиги менен БУУӨП Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чарада долбоордун жетишкендиктери, сооданы жана ишкердикти өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кыргыз бизнесинин жаңы рынокторго чыгуусу талкууланды.

Долбоордун негизги жыйынтыктары:

• 4 823 чакан жана орто ишканага колдоо көрсөтүлдү, анын ичинен 3 162си аялдарга таандык;

• 837 жаңы жумуш орду түзүлдү, анын 548и аялдар үчүн;колдоого алынган экспорттук келишимдердин көлөмү 17,1 млн АКШ долларына жетти;

• туризм тармагындагы ишканалардын онлайн сатуулары 11,3 млн сомдон 92,9 млн сомго чейин өстү;

• бал өндүрүү 59%га, кургатылган мөмө-жемиш, мөмө жана жаңгак экспорту 36,6%га өстү;

• колдоо алган кол өнөрчүлүк тармагындагы ишканалардын кирешеси 35%га өстү.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова төрт жыл ичинде экспортту колдоонун улуттук системасынын иштеген элементтери түзүлгөнүн белгиледи. Кийинки милдет - натыйжалуу чечимдерди масштабдоо.

Алдыдагы артыкчылыктардын катарында бизнестин экспорттук каржылоого, эл аралык стандарттарга жана сертификацияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, логистиканы жана жаңы соода жолдорун өнүктүрүү, ошондой эле жаңы рынокторго чыгуу бар.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ орун басары Венадагы эл аралык иш-чарага катышууда

ӨКМ орун басары Венадагы эл аралык иш-чарага катышууда

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Вена шаарында өтүп жаткан эл аралык иш-чарага катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Жаратылыш аркылуу туруктуулук: дени сак ландшафттар үчүн жаратылышка негизделген чечимдер" аталышындагы иш-чара 20–25-сентябрда өтүп жатат. Аны Дүйнөлүк банктын Венадагы Өнүктүрүү

Ишкер Media
Жогорку Кеңеште шаарлардын экологиясын изилдөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште шаарлардын экологиясын изилдөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында шаарлардын экологиялык абалын изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, долбоор "Ишеним" депутаттык тобунун демилгеси менен сунушталган. Комиссиянын курамына депутаттар Бактыбек Чойбеков, Улан Сариев, Улукбек Узакбаев, Махабат Мавлянова, Чолпон Эсенаманова

Ишкер Media
Ош мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Ош мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиевич Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош шаары менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана шаар үчүн маанилүү багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды. Тараптар

Ишкер Media
Мамлекеттик салык кызматы документсиз 280 куту айнек буюмдарын аныктады

Мамлекеттик салык кызматы документсиз 280 куту айнек буюмдарын аныктады

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан рейддик салыктык контроль жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө пломбасы алынган жүк ташуучу унаа текшерилип, товарлардын иш жүзүндөгү саны коштомо документтер менен салыштырылган. Жыйынтыгында эсепке алынбаган айнек буюмдары жана ашкана идиштери салынган 280 куту аныкталды. Кайра санаганда документтерде көрсөтүлбөгөн 8 миң

Ишкер Media