Бишкекте экологиялык жылытууга 6%дык насыя берилет

Бишкекте экологиялык жылытууга 6%дык насыя берилет

Борбор калаанын тургундары экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу системаларына өтүүгө кызыгуу артууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

"Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №108 орто мектепте маалыматтык жолугушуу өттү. Ага жергиликтүү тургундар катышты.

Маалымдалгандай, жолугушууда катышуучуларга экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга берилүүчү мамлекеттик жеңилдетилген насыянын шарттары тууралуу маалымат берилди.Тургундардын суроолоруна Финансы министрлигине караштуу Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмүнүн жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү жооп беришти.

Катышуучуларды насыя алуу шарттары, насыя алуучуларга коюлган талаптар, ошондой эле каржыланууга тийиш болгон чыгымдардын тизмеси кызыктырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жылуулук насосторун жеткирүүчү компаниянын өкүлү жабдуулардын баасы, артыкчылыктары, иштөө принциби, орнотулушу жана техникалык тейлөөсү тууралуу айтып берди. Электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болгон учурда жылуулук насосторунун иштөө өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле катышуучуларга жылуулук насосторун орнотуп, үйлөрүн жылытуу үчүн колдонуп жаткан үй-бүлөлөрдүн тажрыйбасы камтылган видеороликтер көрсөтүлдү. Тургундардын практикалык тажрыйбасы чоң кызыгууну жаратып, кызуу талкууга алынды.

Маалымат үчүн:"Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында 1 млн сомго чейин, 5 жылга чейинки мөөнөткө жылдык 6% менен жеңилдетилген насыя берилет. Каражатты жылуулук насосторун, генераторлорду жана экологиялык таза энергия булактарынын негизинде иштеген башка жабдууларды сатып алууга, орнотууга жана ага байланыштуу кошумча чыгымдарды каржылоого жумшоого болот. Насыяны долбоордун өнөктөш банктарынан - "Элдик Банк", "Айыл Банк" жана "Бакай Банктан" алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media