Бишкекте шаар курууну санариптештирген система патент алды

Бишкекте шаар курууну санариптештирген система патент алды

Шаар куруу процесстерин санариптештирүү максатында иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык система (АИС БГА) расмий укуктук коргоого алынып, ага патент берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган система Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында толук кандуу иштеп жатат. Бүгүнкү күндө башкармалыктагы электрондук документ жүгүртүүнүн үлүшү 75 пайыздан ашат.

Системаны ишке киргизүү шаар куруу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыздоого, адам факторунун таасирин азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган. Санариптик формат жарандар менен ишкерлердин башкармалык менен иш алып баруусун бир топ жеңилдетүүдө.

Патенттин алынышы шаар куруу тармагындагы санариптик өнүгүүнүн кезектеги этабы болуп саналат. Мындан ары системаны өркүндөтүү жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кеңейтүү пландалууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда короосуна кара куурай өстүргөн жаран кармалды

Кызыл-Кыяда короосуна кара куурай өстүргөн жаран кармалды

Баткен облусунун аймагында Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен 22-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Кара-Куурай" аталышындагы ыкчам иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарында алынган ыкчам маалыматтын негизинде мыйзамсыз баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүү

Ишкер Media
Кыргызстандын прокуратурасы Сеулдагы эл аралык семинарга катышты

Кыргызстандын прокуратурасы Сеулдагы эл аралык семинарга катышты

Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары Конкубаеванын жетекчилигиндеги делегациясы Корея Республикасынын борбору Сеул шаарында өткөн калктын кылмыш курмандыгына байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча семинарга катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, семинарга Кыргызстан, Монголия, Филиппин, Таиланд жана Корея Республикасынын улуттук эксперттери катышты. Иш-чара БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын

Ишкер Media
Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды

Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз еызматы кабарлады. Жыйында аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева маалымат берди.

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Ханчжоуда Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Адылбек Касымалиев Ханчжоуда Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Өз сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы санариптик соода дүйнөлүк сооданын жөн гана дагы бир багыты эмес, ал дүйнөлүк экономиканын жаңы инфраструктурасына айланып бара

Ишкер Media