Экономика минитсри Нью-Йоркто өткөн Каспий бизнес-форумуна катышты

Экономика минитсри Нью-Йоркто өткөн Каспий бизнес-форумуна катышты

22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков VII Каспий бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, форумда министр Ортоңку коридор Азия менен Европаны байланыштырган маанилүү экономикалык багыт экенин белгилеп, аны өнүктүрүү сооданы кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана аймактык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн айтты.

Өзгөчө көңүл Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун өнүктүрүүгө, аны башка транспорттук каттамдар менен интеграциялоого, чек ара жана бажы жол-жоболорун жакшыртууга жана соода процесстерин санариптештирүүгө бурулду.

Бакыт Сыдыков Ортоңку коридорду транзиттик каттам катары гана эмес, инвестицияларды, жаңы технологияларды жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуучу маанилүү платформа катары кароо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media