ИИМ менен Росгвардия 2027-2029-жылдарга биргелешкен программага кол коюшту
23-27-сентябрь күндөрү Кыргызстанда Орусиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын делегациясынын расмий сапары өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, делегацияны Росгвардиянын директору, армиянын генералы Виктор Золотов жетектеп келди.
Сапардын алкагында 24-сентябрда Ички иштер министрлигинде министр Улан Ниязбеков менен Виктор Золотовдун жолугушуусу болду.
Жолугушууда коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык, ведомстволор аралык байланышты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тажрыйба алмашуу жана тиешелүү бөлүмдөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында Кыргызстандын ИИМи менен Орусиянын Росгвардиясынын ортосунда 2027-2029-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер программасына кол коюлду.