Кореядан мыйзамсыз ташылган 2 унаа үчүн бюджетке 1,8 млн сом өндүрүлдү

Кореядан мыйзамсыз ташылган 2 унаа үчүн бюджетке 1,8 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк" темир жол бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмү ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Корея Республикасынан 2025-жылы чыгарылган TOYOTA CAMRY жана 2024-жылы чыгарылган BOMBARDIER SKI SNOW транспорт каражаттары транзиттик декларациясыз жана коштоочу документтерсиз алып кирилген.

Бюджетке келтирилген зыян туумдарды эске алуу менен 923 миң 472 сомду түзгөн. Материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында бюджетке келтирилген зыян эки эселенген өлчөмдө - 1 млн 846 миң 944 сом өндүрүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды