"Кыргызфармация" беларусиялык өндүрүүчү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

"Кыргызфармация" беларусиялык өндүрүүчү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

"Кыргызфармация" МИ "Медбиотех" беларусиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн борборлоштурулган сатып алууларга даярдык көрүү алкагында өттү.

Беларусиялык ишкана травматология, ортопедия жана нейрохирургия үчүн импланттарды жана конструкцияларды өндүрүүгө адистешкен.

Жолугушууда түздөн-түз жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү, продукцияга коюлуучу талаптар жана борборлоштурулган сатып алуулар алкагында кызматташуу келечеги талкууланды.

"Кыргызфармация" мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын керектүү медициналык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн эл аралык өндүрүүчүлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды