Кыргызстан Gavi менен эмдөө жаатында кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан Gavi менен эмдөө жаатында кызматташтыкты кеңейтет

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өткөн Gavi Leap жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара Gavi Вакцина альянсы тарабынан Руанда Өкмөтү менен биргеликте уюштурулган. Анда өлкөлөрдүн лидерлиги, туруктуу каржылоо жана саламаттык сактоо системаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Министр өз сөзүндө Gaviнин Кыргызстандын эмдөө системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, өлкө эмдөө программасына мамлекеттик каржылоону көбөйтүүгө багыт алганын айтты.

"Биз үчүн өтүү мезгилин этап-этабы менен, башкарылуучу жана алдын ала болжолдонгон шарттарда камсыз кылуу принципиалдуу мааниге ээ", - деди Осмонов.

Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары - муздак чынжырды модернизациялоо, вакциналарды эсепке алууну санариптештирүү жана Улуттук вакцина кампасын куруу. Өлкө 2026-2030-жылдарга карата улуттук арызын даярдоону аяктоодо.

Ошондой эле министр эмдөө системасындагы чакырыктарды - кызамык коркунучу, кадрдык чектөөлөр жана мигранттарды эмдөө маселелерин белгилеп, Gavi менен кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media