Кыргызстандын алгачкы спутниги октябрда космоско учурулат

Кыргызстандын алгачкы спутниги октябрда космоско учурулат

Бүгүн МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков "Кыргыз Асман" ачык акционердик коомунда иштелип чыккан алгачкы кыргыз спутниги менен тааныштырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Акунбековдун айтымында, спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу иштери Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүзүлүп, долбоорго 2,5 жылдай убакыт кеткен. Учурда "Кыргыз Асман" ААКда акыркы даярдыктар жүрүүдө.

Спутник негизинен айыл чарба тармагында колдонулат. Андан алынган маалыматтар:

• эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө;

• кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого;

• түшүмдүүлүккө алдын ала баа берүүгө;

• жайыттарды жана айыл чарба жерлерин талдоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле спутниктик мониторинг мөңгүлөрдүн, суу ресурстарынын жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого шарт түзөт.

"Спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу айыл чарба тармагында алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет", - деди Акунбеков.

Белгилей кетсек "Кыргыз Асман" ААКнын жалгыз акционери - Министрлер кабинети. Ал эми жалгыз акционердин укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жүзөгө ашырат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media