Кыргызстандын прокуратурасы Сеулдагы эл аралык семинарга катышты
Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары Конкубаеванын жетекчилигиндеги делегациясы Корея Республикасынын борбору Сеул шаарында өткөн калктын кылмыш курмандыгына байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча семинарга катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, семинарга Кыргызстан, Монголия, Филиппин, Таиланд жана Корея Республикасынын улуттук эксперттери катышты.
Иш-чара БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Азия-Тынч океан аймагындагы кылмыштуулук статистикасы жана кылмыш сот адилеттиги жаатындагы алдыңкы тажрыйба борбору тарабынан Кореянын Маалыматтар жана статистика министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Семинардын алкагында изилдөө методологиясы, калк арасында сурамжылоолорду уюштуруу, статистикалык маалыматтарды иштетүү жана кылмыш статистикасы менен кылмыш-жаза сот адилеттиги чөйрөсүндө эл аралык тажрыйбаны колдонуу маселелери каралды.
Кыргызстандын катышуусу алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана кылмыш-жаза сот адилеттиги чөйрөсүндөгү улуттук статистикалык эсепке алуу тутумун, аналитикалык иштерди жана процесстерди санариптештирүүнү мындан ары өркүндөтүүгө багытталган.