Кызыл-Кыяда короосуна кара куурай өстүргөн жаран кармалды
Баткен облусунун аймагында Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен 22-сентябрдан 25-сентябрга чейин "Кара-Куурай" аталышындагы ыкчам иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаарында алынган ыкчам маалыматтын негизинде мыйзамсыз баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүү фактысына бөгөт коюлду.
Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө учурунда Кызыл-Кыя шаарынын 49 жаштагы Ю.Д. аттуу жаранынын турак үйүнө кароо жүргүзүлгөн. Натыйжада короодон 31 даана, 11 кг 85 граммды түзгөн кара куурай өсүмдүгүнө окшош тирүү заттар аныкталып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар баңги каражаттарын камтыган, жалпы кургатылган салмагы 4 кг 483,8 граммды түзгөн кара куурай өсүмдүгү экени аныкталды.
Аталган факты боюнча шектүү Ю.Д. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.