Мамлекеттик салык кызматы документсиз 280 куту айнек буюмдарын аныктады

Мамлекеттик салык кызматы документсиз 280 куту айнек буюмдарын аныктады

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан рейддик салыктык контроль жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө пломбасы алынган жүк ташуучу унаа текшерилип, товарлардын иш жүзүндөгү саны коштомо документтер менен салыштырылган.

Жыйынтыгында эсепке алынбаган айнек буюмдары жана ашкана идиштери салынган 280 куту аныкталды. Кайра санаганда документтерде көрсөтүлбөгөн 8 миң 720 даана продукция бар экени белгилүү болду.

Аныкталган продукциянын наркы көзөмөл иш-чараларынын алкагында аныкталат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште шаарлардын экологиясын изилдөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште шаарлардын экологиясын изилдөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында шаарлардын экологиялык абалын изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүү жөнүндө токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, долбоор "Ишеним" депутаттык тобунун демилгеси менен сунушталган. Комиссиянын курамына депутаттар Бактыбек Чойбеков, Улан Сариев, Улукбек Узакбаев, Махабат Мавлянова, Чолпон Эсенаманова

Ишкер Media
Бишкекте "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Бишкекте "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн Бишкекте Экономика жана коммерция министрлиги менен БУУӨП Финляндия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган "Борбор Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш-чарада долбоордун жетишкендиктери, сооданы жана ишкердикти өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кыргыз бизнесинин жаңы рынокторго чыгуусу

Ишкер Media
Ош мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Ош мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиевич Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош шаары менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана шаар үчүн маанилүү багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды. Тараптар

Ишкер Media
Бишкекте айдоочуларга эмгек акы төлөөнүн жаңы эрежеси кирет

Бишкекте айдоочуларга эмгек акы төлөөнүн жаңы эрежеси кирет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында бригадирлер менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, анда айдоочулардын эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү маселеси каралды. Жаңы системага ылайык, эмгек акынын өлчөмү белгиленген эмгек талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын

Ишкер Media