ӨКМ орун басары Венадагы эл аралык иш-чарага катышууда

ӨКМ орун басары Венадагы эл аралык иш-чарага катышууда

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Вена шаарында өтүп жаткан эл аралык иш-чарага катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Жаратылыш аркылуу туруктуулук: дени сак ландшафттар үчүн жаратылышка негизделген чечимдер" аталышындагы иш-чара 20–25-сентябрда өтүп жатат. Аны Дүйнөлүк банктын Венадагы Өнүктүрүү жана билим борбору NBS INVEST программасынын колдоосу менен уюштурган.

Иш-чаранын максаты - жер ресурстарын туруктуу башкаруу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча тажрыйба алмашуу. Ага Армения, Бутан, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Непал, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда.

Катышуучулар Австриянын дарыя экосистемаларын калыбына келтирүү жана жаратылыш ландшафттарын башкаруу боюнча тажрыйбасы менен таанышууда.

Алынган тажрыйба ӨКМ тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан KG RESILAND долбоорунда колдонулат. Долбоор жаратылыш ландшафттарынын туруктуулугун жогорулатууга жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media