Ош мэриясы ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиевич Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Ош шаары менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана шаар үчүн маанилүү багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.
Тараптар учурдагы кызматташтыктын багыттары боюнча пикир алмашып, алдыдагы биргелешкен иштердин артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.
Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана белгиленген багыттар боюнча биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашуу жетишилди.