Ошто алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 өттү

Ошто алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 өттү

Бүгүн Ош шаарында алгачкы жолу OSH INVEST FORUM 2026 инвестициялык форуму өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, инвесторлордун жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Форумду мындан ары жыл сайын өткөрүү пландалууда.

Форумга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикирин билдирди.

Иш-чаранын алкагында инвестициялык долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулуп, ишкерлер жана инвесторлор менен жолугушуулар өттү.

Форумда INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү, Novotel Bishkek мейманканасынын ээси Жоодар Сайдилкан, "Бишкек" ЭЭАнын башкы директору Умбриэль Темиралиев жана "Ак Кеме" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Рахматулла Мадазимов тажрыйбалары менен бөлүштү.

Жыйынтыгында инвестициялык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлуп, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Кытайда Geely компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Кытайда Geely компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Министрлер кабинетинин башчысы Geely Auto Group компаниясынын башкы кеңсесине барып, жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Делегацияга корпорациянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, миссиясы жана потенциалы тааныштырылды. Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар кызматташтыкты

Ишкер Media
Кореядан мыйзамсыз ташылган 2 унаа үчүн бюджетке 1,8 млн сом өндүрүлдү

Кореядан мыйзамсыз ташылган 2 унаа үчүн бюджетке 1,8 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк" темир жол бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмү ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Корея Республикасынан 2025-жылы чыгарылган TOYOTA CAMRY жана 2024-жылы чыгарылган BOMBARDIER SKI SNOW транспорт каражаттары транзиттик декларациясыз жана коштоочу документтерсиз алып кирилген. Бюджетке келтирилген зыян

Ишкер Media
Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды

Түп районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүүдө мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2008-жылы Ысык-Көл айыл аймагындагы Түп мамлекеттик атайын чарбасына таандык эс алуу лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен. Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 163 млн

Ишкер Media
Транспорт министрлиги «Cyber Nomad CTF» сынагында 3-орунду ээледи

Транспорт министрлиги «Cyber Nomad CTF» сынагында 3-орунду ээледи

22-сентябрда Бишкектеги "Жаштык Арена" спорт комплексинде киберкоопсуздук боюнча "CYBER NOMAD FEST 2026" форуму өттү. Анын алкагында "Cyber Nomad CTF" республикалык сынагы уюштурулду. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сынак эки этаптан турду. 14-сентябрда өткөн тандоо этабында катышуучулар SIEM системасындагы маалыматтык коопсуздук

Ишкер Media