"Тилектештик автобусу" Жалал-Абад облусуна сапар алат
5-7-октябрда Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын "Тилектештик автобусу" Жалал-Абад облусунда мобилдик кабыл алуу өткөрөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы тургундар үчүн уюштурулуп, анда тажрыйбалуу адвокаттар жана кеңешчилер мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте калкка бардык суроолор боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүшөт.
График:
• 5-октябрь – Ноокен району,
• Шамалды-Сай айыл аймагы;
• 6-октябрь – Аксы району, Кербен шаары;
• 7-октябрь – Ала-Бука району, Ала-Бука айыл аймагы.
Иш-чара саат 10:00дөн 16:00гө чейин өтөт.