Тоңдо ЖИ менен айыл чарба өстүрүүнүн түшүмдүүлүгү 33%га өстү

Тоңдо ЖИ менен айыл чарба өстүрүүнүн түшүмдүүлүгү 33%га өстү

Тоң районунун Аксай айылында спутниктик маалыматтар жана жасалма интеллекттин жардамы менен жүгөрү жана күн карама өстүрүү боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабаралады.

Долбоордун алкагында айыл чарба талааларынын абалы көзөмөлдөнүп, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир эткен факторлор талданууда.

Жасалма интеллекттин жардамы менен Ысык-Көл облусунун климаттык шарттарына окшош аймактар изилденип, мындай шарттарда жакшы түшүм берген сорттор аныкталган. Анын негизинде пилоттук талаага жергиликтүү шартка ылайыктуу үрөндөр себилип, сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга басым жасалган.

Маалыматка ылайык, Аксайдагы пилоттук талаада сугат суусунун көлөмү көбөйтүлгөн эмес. Талаа эки жолу гана сугарылып, жүгөрү менен күн карама аралаш өстүрүлгөн. Натыйжада түшүмдүүлүк 33%га жогорулаган.

Пилоттук долбоор Кыргыз улуттук университети жана "Кыргызстан спутник" долбоору менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Спутниктик технологиялар талаанын абалын көзөмөлдөп, көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Алынган жыйынтыктардын негизинде долбоордун тажрыйбасын башка райондорго жайылтуу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media