Төрага Марлен Маматалиев алдыдагы президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндө" токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйында төрага Марлен Маматалиев тиешелүү токтомго ылайык Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында, шаршемби күнү өтөрүн белгиледи. Анын айтымында, мындай чечим шайлоочулардын активдүү катышуусун камсыздоо максатында кабыл алынган.
Төрага ошол күнкү жумушчу күндүн маянасы толук берилерин, бирок шайлоого барбагандарга төлөнбөй турганын да билдирди.
Мындан тышкары, ал "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 21-беренесине ылайык, депутаттар да, Президент да талапкер болуп катталса ыйгарым укуктарын токтотпостугун белгиледи.
"VII чакырылыштын депутаттары биз деле мандатыбызды тапшырбастан шайлоого аттанып, бирдей атаандаштыкта катыштык. Мандат бизге эч кандай артыкчылык берген жок", - деди ал.
Төрага бул кадам мамлекеттин туруктуулугу үчүн керектигин, ал эми шайлоодогу административдик ресурстардын таасири жокко эсе экенин кошумчалады.
"Жогорку Кеңеш бүгүн өзүнө жүктөлгөн конституциялык милдетти аткарды. Шайлоонун күнү белгилүү, тартиби так", - деди Маматалиев.