Транспорт министрлиги «Cyber Nomad CTF» сынагында 3-орунду ээледи
22-сентябрда Бишкектеги "Жаштык Арена" спорт комплексинде киберкоопсуздук боюнча "CYBER NOMAD FEST 2026" форуму өттү. Анын алкагында "Cyber Nomad CTF" республикалык сынагы уюштурулду. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак эки этаптан турду. 14-сентябрда өткөн тандоо этабында катышуучулар SIEM системасындагы маалыматтык коопсуздук инцидентин талдап, сервер журналдарынын негизинде киберчабуулдун толук чынжырын аныкташкан.
22-сентябрдагы финал "Attack/Defense" форматында өттү. Командалар өздөрүнүн сервистерин коргоо менен катар атаандаштарынын сервистериндеги кемчиликтерди табышты.
Сынакка 50гө жакын команда катышып, 11и финалга чыкты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атынан Нурмамбетов, Нурматов жана Сабыровдон турган команда катышты.
Жыйынтыгында министрликтин командасы тандоо этабында 2-орунду, финалда жалпы эсепте 3-орунду, ал эми мамлекеттик органдар арасында 1-орунду ээледи.