Түптө 163 млн сомдук эс алуу лагери мамлекетке кайтарылды
Түп районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышын текшерүүдө мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2008-жылы Ысык-Көл айыл аймагындагы Түп мамлекеттик атайын чарбасына таандык эс алуу лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен.
Прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 163 млн 945 миң сомдук комплекс жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды.
Социалдык багыттагы объекттер менчиктештирүүгө жатпайт жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылууга тийиш экени белгиленди.