Жалал-Абадда 400 тонналык логистикалык борбор жана май чыгаруучу ишканалардын иши текшерилди

Жалал-Абадда 400 тонналык логистикалык борбор жана май чыгаруучу ишканалардын иши текшерилди

Айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Базар-Коргон, Сузак райондорунда жана Манас шаарындагы ишканалардын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, Базар-Коргондогу "Арзыбай-Ата Компани" соода-логистикалык борбору жылына 400 тоннага чейин мөмө-жемиш жана жашылча сактай алат. Учурда борбордо малина, болгар калемпири, гилас жана сабиз сакталууда. Ишкана продукцияны экспортко да чыгарат.

Сузак районундагы ишкана Орусиядан келген сырьёдон күн карама майын өндүрүп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына жеткирет. Андан тышкары кир самын да чыгарылат.

Манас шаарындагы соода-логистикалык борбордо учурда малина жана гилас сакталууда. Жетекчиси кубаттуулукту кеңейтүү пландары менен бөлүшүп, жеңилдетилген насыя алууга колдоо сурады.

Рысгүл Акимжанова ишкерлердин сунуштарын угуп, маселелер мыйзамдар жана мамлекеттик колдоо механизмдеринин алкагында караларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media