Балык тоютун өндүргөн ишканалар текшерилди

Балык тоютун өндүргөн ишканалар текшерилди

23-сентябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти BIOJEM жана «Тянь-Шань форель» ишканаларына барды. Бул тууралуу департаменттин маалымат кызматы билдирди.

Департамент өндүрүш технологиясы, чийки заттын сапаты жана даяр продукциянын курамы менен таанышып, балык тоютун импорттоого чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн тактады.

Ишканалардын маалыматы боюнча:

  • BIOJEM заводу суткасына 100 тоннага чейин тоют чыгарат;
  • «Тянь-Шань форель» кампаларында 700 тоннага жакын даяр продукция бар.

Жолугушууда балык чарбаларын сапаттуу тоют менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү маселелери талкууланды.

Сапардын жыйынтыгында тармактын туруктуу өнүгүүсү үчүн ата мекендик тоют өндүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды