Башкы прокуратура ишкердин 950 миң сомдук салык карызын эсептен чыгартты

Башкы прокуратура ишкердин 950 миң сомдук салык карызын эсептен чыгартты

Башкы прокуратура салык органы тарабынан ишкердин укугу бузулган учурду аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, "П" ЖЧКсынын 950 миң сомдон ашык салык карызы мыйзамга ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон. Бирок компания бир нече жолу кайрылганына карабастан, чара көрүлгөн эмес. Тескерисинче, ашыкча төлөмдөрдөн карызды жабууга чегерилген.

Прокурордук чара көрүү актысынын жыйынтыгында:

• Бишкек шаарынын тиешелүү салык органы карызды эсептен чыгарды;

• Мамлекеттик салык кызматы мындан ары ашыкча төлөмдөн автоматтык түрдө карызды жабууну болтурбоо чараларын көрдү.

Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча иштерди улантууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды