Башкы прокуратура менен БУУӨП коррупцияга каршы күрөшүүнү талкуулады
Бүгүн Бишкекте БУУӨПтүн "Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулук" долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жыйынга Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров катышты.
Анын айтымында, БУУӨПтүн колдоосу 2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө.
Кызматташуунун алкагында:
• коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча усулдук материалдар жана онлайн курстар иштелип чыкты;
• прокуратура, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн окутуулар өттү.
Жыйында коррупциянын алдын алуу боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жана эл аралык укуктук кызматташуу талкууланып, кийинки артыкчылыктуу багыттар катары киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жана электрондук далилдер менен иштөө белгиленди.