Бишкекте 15 кабаттуу бизнес-борбордун курулушу токтотулду
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имаратты текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүү Байтик Баатыр көчөсү 23–25 жана Кошевой көчөсү 31, 31А, 33, 38 даректериндеги 15 кабаттуу бизнес-борбордо жүргүзүлдү. Учурда имараттын 10-кабаты курулуп жатат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө биринчи кабаттагы колонналарда көңдөйлөр пайда болгону жана бетон аралашмасын куюуда жетиштүү тыгыздалбаган учурлар аныкталган. Лабораториялык изилдөө үчүн адистер тарабынан үлгүлөр алынды.
Жыйынтыгында:
• курулушту жүргүзгөн "Ивен КЗ" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды;
• курулуш иштери токтотулду;
• компания кара тизмеге киргизилип,
• лицензиясы токтотулду;
• прораб Чынгыз Абдыжалиловдун жана техкөзөмөл адиси Канжарбек Толомушовдун сертификаттары жокко чыгарылды;
• көзөмөл жүргүзгөн департаменттин жооптуу инспектору кызматынан бошотулду.