Бишкекте акысыз кан тапшыруу акциясы өтүүдө
Бүгүн Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон кан топтоо боюнча акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, акция саат 08:00дөн 14:00гө чейин Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дарегинде өткөрүлөт. Кан акысыз жана кайтарымсыз негизде кабыл алынат.
Кан тапшырууга даярдануу эрежелери:
• 48 саат мурун - алкоголдук ичимдиктерди колдонбоо;
• 72 саат мурун - аспирин жана анальгетиктер бар дарыларды ичпөө;
• бир күн мурун - майлуу, ачуу, ышталган тамактардан, сүт азыктарынан жана кофенинен баш тартуу;
• эртең менен - жеңил тамактанып, таттуу чай ичүү;
• бир саат калганда - тамеки чекпөө.