Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль утуп, дагы бир финалга чыкты

Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль утуп, дагы бир финалга чыкты

Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганада, спортчу 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча финалда аралыкты 2 мүнөт 08,67 секундда басып өтүп, экинчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен Петрашов өзүнүн спорттук карьерасындагы рекордун жаңылады.

24- сентябрда, спортчу сыйлоо аземине катышып, Азия оюндарынын күмүш медалын алды. Бул Кыргызстандын XX Азия оюндарындагы алгачкы күмүш медалы болуп саналат.

Мындан тышкары, бүгүн, 25-сентябрда Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыкта 27,45 секунд убакыт көрсөтүп, биринчи болуп финалга чыкты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды