Марлен Маматалиев Катардын элчисин кабыл алды
24-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Төрага 1998-жылдан бери Кыргызстан менен Катардын өнөктөштүгү жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, депутаттык достук топторунун ишин күчтөндүрүү жана өз ара сапарларды уюштуруу маанилүү экенин айтты.
Ал ошондой эле Катардын Мажлис Аш-Шурасынын Төрагасы Хасан бин Абдулла Аль-Ганимди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде элчи Кыргызстан Катар үчүн аймактагы маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча сунуштарды колдой турганын билдирди.
Жолугушууда соода байланыштарын өнүктүрүү жана гуманитардык долбоорлорду улантуу боюнча да пикир алмашылды.