Мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга карата рейд жүргүзүлдү

Мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга карата рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Бишкек шаарынын УПСМ кызматкерлери жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) сатуу жаатындагы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрдү.

Мэриянын муниципиалдык милициясынан кабарлагандай, рейддик иш-чара Октябрь районундагы Достоевский көчөсүндө өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам бузуулар аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ылайык 5 административдик протокол түзүлдү.

Ошондой эле, жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында салык кызматынын кызматкерлери тарабынан болжол менен 500 литр бензин алынган.

Мыйзам бузууларга жол берген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын аймагында мыйзам бузууларды аныктоого жана алардын алдын алууга багытталган биргелешкен рейддик иш-чараларды улантат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды