Ошто 393 млн сомдук балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "ОбидФайз" ЖЧКнын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, долбоордун инвестициясы 393,7 млн сом, ишкананын өздүк каражатынан каржыланган. Курулуш иштери аяктап, завод пайдаланууга даяр.
Ишкана суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын чыгарат, ишке киргенде 60 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Заводду 2026-жылдын 30-декабрында пайдаланууга берүү пландалууда.