Садыр Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты

Бүгүн Казакстан Республикасында - Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Ушуга байланыштуу КРнын Президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.

Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчынын аза кайгыны тең бөлүшүү билдирүүсүндө, төмөнүлөр айтылат:

“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”
, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Казакстандын Мангыстау облусунда 24-сентябрда Каспий деңизинин жээгинде күжүрмөн машыгуу учурунда аба ырайы кескин начарлап, катуу шамал күчөгөн. Бороондун кесепетинен бир топ аскер кызматкерлерин деңизге агып кетишкен. Акыркы расмий маалыматтар боюнча, 12 адам каза болуп, үчөө куткарылган (бири оор абалда ооруканада), калгандарын издөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media