Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды

Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды

Айтматов районунда 4,7 гектар жер тилкесинде жайгашкан мамлекеттик автобаза мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Райондук прокуратуранын текшерүүсүндө 2005-жылы сатып алуу-сатуу келишими аркылуу жер мыйзамсыз менчиктештирилип, ушул убакка чейин пайдаланылып келгени белгилүү болгон.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 94 млн сомду түзгөн автобаза мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда сапатсыз жол салган 3 компанияга 105 миң сом айып салынды

Балыкчыда сапатсыз жол салган 3 компанияга 105 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жол жана тротуарларды реконструкциялоодо мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Министрлик билдиргендей, текшерүүдө асфальт-бетон жабуусу жука жана сапатсыз салынганы, суу өткөрүүчү курулмалар, тротуарлар, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотууда кемчиликтер бар

Ишкер Media
Садыр Жапаров TİKAнын президенти Абдуллах Эренди кабыл алды

Садыр Жапаров TİKAнын президенти Абдуллах Эренди кабыл алды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) президенти Абдуллах Эренди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда TİKA менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана социалдык-экономикалык, гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды. Президент негизги багыттар катары саламаттык сактоону, айыл чарба лабораториялык инфраструктурасын

Ишкер Media
Кыргызстанда 1,9 млн тонна дан жыйналды

Кыргызстанда 1,9 млн тонна дан жыйналды

Өлкө боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы былтыркыга караганда өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, дан эгиндери 562,6 миң гектардан жыйналып, жалпы аянттын 91,1% түздү. 1 млн 937,6 миң тонна дан жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 29,8 ц/га болду. Чүй облусу

Ишкер Media
Ошто эл аралык чуркоо марафону өттү

Ошто эл аралык чуркоо марафону өттү

Ош шаарынын күнүнө карата 27-сентябрда эл аралык массалык чуркоо марафону өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага Өзбекстан, Беларусь, Непал, Индиядан жана Кыргызстандын жети дубанынан 400 адам катышты. Спортчулар Борбордук аянттан "Ак-Буура" үй-бүлөлүк эс алуу багына чейин жана кайра аянтка

Ишкер Media