Балыкчыда сапатсыз жол салган 3 компанияга 105 миң сом айып салынды
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Балыкчы шаарындагы Кулакунов, Тоголок Молдо жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү жол жана тротуарларды реконструкциялоодо мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.
Министрлик билдиргендей, текшерүүдө асфальт-бетон жабуусу жука жана сапатсыз салынганы, суу өткөрүүчү курулмалар, тротуарлар, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотууда кемчиликтер бар экени белгилүү болгон. Айрым жерлерде лотоктордун туташтыруучу бөлүктөрү сапатсыз аткарылган.
Мындан тышкары айрым тилкелерде негизди тазалоо жана битум эмульсиясы менен алдын ала иштетүү талаптары сакталбастан асфальт төшөлүп, инженердик кудуктардын белгилери жол деңгээлине дал келбегени аныкталды.
Жыйынтыгында "Чу Прокси", "4 Энерджи" жана "Капитал Консалт" ЖЧКларына жалпы 105 миң сом айып пул салынды. Кемчиликтерди подрядчылар өз каражатынын эсебинен жоюуга милдеттендирилди.
Учурда демонтаждоо иштери жүрүп, аткарылышы көзөмөлгө алынды.