Бир жумада 38 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

Бир жумада 38 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

Өлкө аймагында бир жума ичинде 38 миң 531 жол эреже бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 18-сентябрдан 24-сентябрга чейин аныкталган бузуулар:

• тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 5 691;

• мас абалында унаа башкаруу – 395;

• терезени мыйзамсыз караңгылатуу – 449;

• жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуу – 1 913;

• эксплуатация эрежелерин бузуу – 6 034;

• авто ээнбаштык – 39;

• ылдамдыкты ашыруу – 1 572;

• жасалма мамлекеттик номер менен башкаруу – 9;

• башка эреже бузуулар – 19 012.

Эреже бузгандыгы үчүн 3 417 унаа айып короого токтотулган. ИИМдин ЖКККББсы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды