Бишкек мэри мурдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын курулушу менен таанышты

Бишкек мэри мурдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын курулушу менен таанышты

27-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мурдагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, ал жерде аянты 0,4 гектарды түзгөн жерде жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу мейкиндиктер каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.

Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктап, 1- жана 2-кабаттарда кирпич дубалдарды тургузуу иштери жыйынтыкталды. Ал эми 3-кабатта кирпич коюу иштери, дубалдарды шыбоо жана ошондой эле электр монтаждоо иштери аткарылууда.

Мэр жаңы борбор биринчи кезекте шаар тургундарына багытталып, негизинен административдик эмес, коомдук багыттагы объект болушу керектигин белгиледи.

Айбек Джнушалиев тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифттерди, ыңгайлуу санитардык жайларды, чакан чыгармачыл топтор жана студиялар үчүн атайын зоналарды долбоордо караштырууну тапшырды.

Мындан тышкары, мэр тиешелүү кызматтарга жана курулуш компаниясына имараттагы жайларды сарамжалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды. Бул объект шаар тургундары үчүн дайыма керектүү болуп, коомдук функциясын жоготпостон, каралган коммерциялык ишмердүүлүктүн эсебинен өзүнүн эксплуатациялык чыгымдарын камсыздай алышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media