Бишкекте Достук айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Биринчи Май районунун Достук айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, объекттин курулушу 2026-жылдын февралында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.
6500 чарчы метр аянтты ээлеген үч кабаттуу заманбап мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган.
Курулуш иштери министр Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн. Учурда мектепте ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Жаңы билим берүү мекемеси аймактагы мектеп тартыштыгын азайтып, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.