Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейд жүрүп жатат

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейд жүрүп жатат

Бишкек шаарынын төрт районунда жерди өз алдынча ээлеп алуу жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, рейддер президенттин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда. Текшерүү муниципалдык аймактык башкармалыктар жана конуштардын аймактарын камтыйт.

Октябрь районунда №407 МАБда уруксатсыз курулуп жаткан объектилер аныкталды. Эскертүүлөргө карабастан айрым жарандар курулушту улантышкан.

Свердлов районунда №304 МАБдын "Красный Строитель-2" конушунда тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биринчи Май районунда Маевка, Бугу-Эне-Багыш жана Алтын-Казык конуштарында рейд өттү. №205, №207 жана №208 МАБдарда 2024-жылдан бери мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтпөй калган курулуш демонтаждалды. 2026-жылы "Теңдик" конушунун №378 контурунда мыйзамсыз пайдубал куюунун 3 фактысы аныкталып, материалдар ИИБга өткөрүлдү.

Ленин районунда Новопавловка жана Орок айыл аймактарында текшерүүдө мыйзамсыз курулуш фактылары катталган жок.

Мыйзамсыз курулуштарды жана жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media
Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media