Gobon Group Кыргызстанга ири инвестиция салат

Gobon Group Кыргызстанга ири инвестиция салат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Gobon Group "Кыргыз Республикасындагы соода-экономикалык аймак" долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалымдалгандай, долбоор сооданы, көргөзмө ишмердүүлүгүн, продукцияны кайра иштетүүнү, кампа логистикасын жана тиешелүү инфраструктураны бириктирген заманбап көп функционалдуу аянтчаны түзүүнү карайт.

Сунушталган концепцияга ылайык, долбоор толук ишке киргенден кийин 10 миңге жакын жумуш орду түзүлөт.

Меморандум инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды