Кыргызстан БУУда пандемияга даярдык боюнча демилгесин сунуштады

Кыргызстан БУУда пандемияга даярдык боюнча демилгесин сунуштады

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын пандемиялардын алдын алуу боюнча жогорку деңгээлдеги жыйынында чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, ал биологиялык коркунучтарга каршы эл аралык кызматташтыкты күчөтүү жана глобалдык милдеттенмелерден практикалык чараларга өтүү зарылдыгын белгиледи.

Министр Кыргызстан ДССУнун борбордук ролун колдой турганын, вакциналарга, диагностикага жана дарыларга адилеттүү жетүүнү, технологияларды өткөрүп берүүнү жана улуттук өндүрүштү өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептей турганын айтты.

Ал Кыргызстанда "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы киргизилип жатканын, Sanarip Clinic сыяктуу санариптик платформалар эпидемиологиялык көзөмөлдү жакшыртуу үчүн колдонулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле лабораториялык тармактар модернизацияланып, медицина кызматкерлери даярдалып жатканы айтылды.

Сөзүнүн соңунда Осмонов алдын алууга, эрте эскертүү системаларына жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугуна инвестициялоо керектигин белгилеп, Кыргызстан көп тараптуу кызматташтыкка берилгендигин ырастады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды